Тоолор
Тоолор, тоо системасы
Жер бетинин түзөң аймактардан бийик көтөрүлгөн бөлүгү; өз ичинде ар кандай бийикте жатат. тоолордун уз. миңдеген кмге, бийикт. (дениз деңг.) бир нече кмге жетет. Пайда болушуна карата тектоникалык, эрозиялык жана жанар тоо тоолору болуп бөлүнөт. Тектоникалык тоолорго бүктөлүү (бүктөлүүгө дуушарланган тоолор), келки жана бүктөлүү-келки тоолор кирет. Бүктөлүү тоолор геосинклиналдын зоналарында пайда болот. Геосинклиналдар тоо жаралганга чейин чөкмө тектердин калың (бир нече кмге чейин) катмары ээлеген ойдуң болот. Кийин бул катмар бүктөлүүгө дуушарланып, магма интрузиялары жиреп чыгат да, жаш бүктөлүу зоналары көтөрүлүп, тоолор жарала баштайт. Мындай тоолордун рельефи адегенде тектоникалык структурага туура келет да (кырка тоолор - антиклиналга, өрөөндөр-синклиналга), кийин татаалданын, өзгөрөт.
Келки тоолор экинчи жолку тоо пайда болуу процессине дуушарланган байыркы бүктөлүү алкактарында жаралат. Жер кыртышынын мындай бөлүктөрү тектоникалык жаракалар менен келкилерге ажырап, айрымдары горст түрүндө көтөрүлүп кырка тоолорду, калгандары грабен түрүндө төмөн түшүп тоо аралык ойдуңдарды жана тектоникалык өрөөндөрдү пайда кылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.