Тоолук

Википедия дан

ТоолукКетмен-Төбө өрөөнүндөгү суу, Нарындын оң куймасы. Узундугу 33 км, алабынын аянты 205 км2. Суусамыр кырка тоосунун түштүк капталынан башталып, жогорку агымында кууш өрөөн менен агат.

Ири куй малары: Алма суу, Зындан, Туздусуу (оң), Мазарсуу (сол). Негизинен мөңгү,кар,булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 3,6 м3/сек, эң көп чыгымы июнь–июлда (17,3 м3/сек), азы январь–февралда (0,96 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Тоолук кыштык жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]