Тоо-Челек

Википедия дан

Тоо-Челек"Манас" эпосундагы топоним. Айчүрөк ак куу кебин кийип, учуп чыгып Сары-Аркадан көргөн Көкчөнүн уулу Үмөтөй сынына толбой, андан ары:

Турбай-тынбай эр издеп,

Талаа-Челек басты эми

Тоо-Челекти ашты эми,

Ысык-Көлдү кыдырып,

Кызыл-Кыя барды эми (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 363), — деп айтылат. Географиялык реалияда Алматы облусундагы капчыгай, өрөөн, суу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4