Үмөтөй

Википедия дан

Үмөтөй "Манас" эпосунун каарманы. Көкчөнүн баласы, казактардын каны. Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча Ү. менен Семетей бир тууган бөлө болушат. Ала көөдөндүк кылып Ү. энеси Акеркечтин тилин албастан атамдын (Чоң казатта окко учкан Көкчөнү Манас Бээжинге ээрчитип барып өлтүрүп жок кылган деген шылтоону айтып) кунун аламын деп Семетейге келип, чатак салат. Коңурбайдан өч алуу үчүн мени чакыртпай өзүң кетип каласың деген жалааны да жабат. Ү-гө өз эли казактар да Семетейге каршы чыкпай туугандарыңды көздө десе ага да ынабайт. Ошондой эле бул сунушту кыргыздын калайык-калкы да айтса, ага болбостон өзү катылат, акыры өз башынан ажырайт. "Манас" эпосунда Ү-дүн куну үчүн Тайбуурулду баш кылып тартуу тартып, анын сөөгүн кастарлап Тайбуурулга жүктөтүп, Аколпокту жаап, дүнүйө-мүлк менен узатып жиберет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4