Акеркеч

Википедия дан

Акеркеч"Манас" эпосунун каарманы, Көкчөнүн аялы. Көпчүлүк варианттарда Семетей менен Үмөтөй карын бөлө, Каныкей менен А. эже-сиңди болуп айтылат. Радлов жазып алган вариантта А. күйөөсү Көкчөгө караганда токтоо, айлакер, керек учурда чечкиндүү, сулуу аял.

Кар үстүнө кар жааса
Кардан аппак эти бар,
Кар үстүнө кан тамса
Кандан кызыл бети бар.
Сүлөөсүндөй керилип,
Сүйлөөр сөзгө эринип,
Күлсө күрөктөй тиши кашкаят,
Күймөнсө жыпар жыттанган
Буруксуган Акеркеч, — деп тартылган салттык эпикалык портрети эпостун өзүнүн түшүнүгүндөгү сулуулуктун бардык компоненттерин камтыйт. Анын сулуулугу алабарман Көкчөнүн ич тардыгын, ишенбөөчүлүгүн күч алдырат. Алмамбетке жакын болуп кетти деген казак төбөлдөрүнүн ушак сөзүнө ишенген Көкчөнү А. өзүнүн токтоо, нускалуу сөзү менен уяткарат. Саякбай Каралаевдин вариантында да А. Каныкейдин бир тууган сиңдиси, Каракандын кызы. Ал чукул мүнөз эр көкүрөк Көкчөнүн акылман жана боорукер жары, анын акылына акыл кошуп, оң жолго сүрөйт. А-тин асыл сапаттары Алмамбет баатырдын өз элинен кетип, Көкчөнү байырлап турган учурунда жана анын Манаска кетишине байланыштуу окуяларда даана көрүнөт. Алмамбеттин адамдык касиетин, баатырлыгын Көкчөгө караганда А. терең түшүнөт. Көкчөдөн шагы сынган Алмамбет баатырга тууган катары күтүп ала турган адилет адам айкөл Манас экендигин айтып багыт берет. Алмамбеттин трагедиялуу абалын түшүнүп, өзүнүн жеке намысың четке коюп, аны моралдык-материалдык жактан колдоого алат. Радлов жазып алган вариантта А. Алмамбет үчүн Көкчөнүн ат-тонун сураганга батынат. Көкчөнүн жел өпкөлүгүн бетине айтып, Алмамбеттин кетиши жеке Көкчө эмес, бүт казак эли үчүн чоң жоготуу экендигин күйүп-жанып түшүндүргөн кайраттуу аял. «Семетей» эпосунда да ушул мүнөзү менен көрүнөт. А. ар качан достук, ынтымакка ынтызар экендиги «Семетейде» ачык берилет. Ал баласы Үмөтөйдүн атасы Көкчөнүн кунун шылтоолоп Семетейге жамандык ойлой баштагандыгын жактырбайт. Эки бөлөнүн душмандашпай туугандашып, бири-бирин кадырлап күтүп алуусу канчалык зарыл жана пайдалуу экендигин уулуна түшүндүрүүгө, баатырлардын ортосундагы, эки элдин ортосундагы ынтымакка чыныгы данакер болууга аракеттенет. А-тин каргышы ката кетпеген чоң касиети да бар. Ошон үчүн Семетей өзү катылган Үмөтөйдү жаздым кылганда «таяжең каргаса сени оң кылбайт» деп Каныкей бекеринен чочулабайт. Чынында эле Үмөтөйдүн Семетей колдуу болуп өлүшү А-тин аялдык назик мүнөзүн кескин өзгөртүп, анын кайраты таштай катат. Оор трагедияга учураган эне буга чейин пир тутуп сыйлаган карачечекей эжеси Каныкейдин баласын каргапшилөөдөн кайра тартпайт. Семетей күнөөсүн сезип, Тайбуурулду кунга тартып, бөлөсүнүн сөөгүн ага жүктөп жөнөтөт. Бирок, А-тин тоңгон жүрөгү жылыбай, Буурул аттан да өч алгысы келип:

Бекиткен чидер таккыла,
Муну караңгы жайга баккыла,
Эки кулак укпасын
Коргошун эритип куйгула,
А кулактын үстүнөн
Тасмал менен буугула,
Ээлигип турган Буурулду
Эшекке жеткис кылгыла,
Алтымыш нокто каткыла,
Алтымыш чылбыр таккыла,
Төрт бутунун муунуна
Он эки ийне каккыла,
Чогойно аксак болгон соң
Муну кербенчи сартка саткыла (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 560-инв., 460-б.), — деп өкүм чыгарат. Анысы аз келгенсип Семетей Тайбуурулдан ажырап атсыз калды, келип агаң Толтойдун өчүн ал деп, Кыяска кабар жиберет. Кыскасы А-тин образы —«Семетей» эпосундагы окуяларга байланыштуу өзгөрүп турган жандуу образ. Ал кылымдардан келаткан элдин өз түшүнүгүндө мыкты делип муундан-муунга зор сүймөнчүлүк менен өткөн мээрман, меймандос, кыраакы аялдын бир тиби. Ал эми баласынын өлүмүнөн кийинки мүнөзүнүн өзгөрүшү эч убакта эч ким тарабынан толтурулгус эненин оор жоготуусу менен шартталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]