Тоо-кен казмалары

Википедия дан

Тоо-кен казмалары - тоо-кен иштеринин натыйжасында жер кыртышында пайда болуучу жасалма курулмалар.

Тоо-кен казмалары милдетине жараша: чалгындоочу (кен издөө жана чалгындоо үчүн) жана эксплуатациялык (кен казууда пайда болуп, өз ичинен: кен ачуу, кен казууга шахта талаасын даярдоочу жана кен казуучу казмалар); кандай тектерде казылганына карата: катмар (пайдалуу кен катмарын казууда) жана т а л a а (кенсиз тектерди казууда) Тоо-кен казмалары деп бөлүнөт. Тоо-кен казмалары жер астында (жабык) жана ачык (жер бетинде, к. Кенди ачык казуу) болот. Анча калың эмес шиленди астындагы кен ачык ыкма (траншея, канал) менен алынат. Терең жайгашкан кендерди казуу үчүн (к. Кен казуу) жер астындагы Тоо-кен казмалары (өткөөлдөр) курулат. Анын үстү жагын чектөөчү тоо тегинин бети - жабуу, ал эми астыңкысы таман деп аталат. Жер астындагы Тоо-кен казмалары мейкиндиктеги ордуна карай: вертикалдык, горизонталдык, жантайма ж. б. багыттагы деп бөлүнөт. Вертикалдык Тоо-кен казмаларына шахта өзөк казмасы, шурф, туюк өзөк казма, гезенк (кенташ тулкусунун жайгашкан багытына ылайык жогортон төмөн карай казылган тик Тоо-кен казмалары жер бетине чыгуучу оозу жок), кенташ түшүргүч (казылган кенди төмөн жайгашкан ташып кетүү горизонтуна кулатуу үчүн курулган Тоо-кен казмалары) кирет. Горизонталдык Тоо-кен казмалары - штольня, туннелъ, штрек, квершлаг, орт, просек (шахтаны желдетүү же казмаларды туташтыруу үчүн пайдалуу кен катмарында казылат). Жантайма Тоо-кен казмалары - жантык шахта өзөк казмасы, жантык шурф, бремсберг, жантык казма (казылган кенди төмөнкү горизонттон жогоркусуна көтөрүүчү курулма), сыйгаланма казма (скат - тигирээк кен катмарларын казууда кенди төмөн кулатуу үчүн даярдалган казма), ходок (адамдардын жүрүшү жана жүк ташуу үчүн курулат), печь (кендүү катмар боюнча казылып, көмүр жана жүк ташуу, шахтаны желдетүү, адамдардын жүрүшү үчүн арналат). Башка багыттагы Тоо-кен казмалары - лава (бир кыйла аралыкка - ондогон лгден жүздөгөн мте чейин кен казууда пайда болуп, бир капталын көмүрлүү массив, экинчисин уратылган же толтуруучу материал түзөт. Транспорттук же желдеткич штрекке же просекке туташат), сбойка (жакын жайгашкан 2 кен казмасын туташтыруучу Тоо-кен казмалары, мис., штрек менен просекти), камера, оюк, кенташ түшүргүч, бургулоо көзөнөгү(скважина), шпур. Ачык Тоо-кен казмаларына карьер, траншея, канава, кудук (кыртыш сууларын алууга ылайыкташтырылып, капталдары бекитилген гидротехникалык курулуш) ж. б. кирет. Тоо-кен казмаларынын туура кесилишинин формасы негизинен тоо-кен бекиткичинин түрүнө, тоо тектердин физилдөө-механикалык касиеттерине жана абалына, тоо-кен басымына жараша болот. Алсак, тик бурчтук (каптал басым жок учурда курулуп, жыгач, анкер же аралаш бекиткичтер менен бекемделет), трапеция (вертикаль жана каптал басымы бар учурда курулуп, жыгач, металл, темир-бетон бекиткичтери менен бекемделет), полигоналдык (казманын беттерин темир-бетон менен бекиткен учурда курулат), таш же бетон бекиткичтери колдонулганда своддуу, вертикалдык жана каптал басымы бар учурда аркалуу, туш тарабында басым бар учурда темир-бетон элементтери, бетон же металл бекиткичтери колдонулуп, тегерек формада курулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4