Тоо-кен казмаларын бекиткич

Википедия дан

Тоо-кен казмаларын бекиткич - жер астындагы тоо-кен казмаларында, ошондой эле тоннель, метрополитен ж. б. жер астындагы объектилердин курулушунда тоо тектердин кулашын, көөп чыгышын токтотуучу атайын жасалма курулма.

Тоо-кен казмаларын бекиткич б-тердин конструкциясы тоокен казмасынын аянты менен туурасынан кесилиш формасына, тоо-кен басымынын мүнөзү менен чоңдугуна, шахтанын иштөө мөөнөтүнө ж. б. факторлорду эске алуу менен жасалат. Анын түрлөрү: пайдалануу мөөнөтүнө жараша - убактылуу жана туруктуу; жасалчу материалына карай - жыгач, металл, бетон же темир-бетон; тоокен казмасынын туурасынан кесилиш формасына карата - трапеция түспөлдүү, арка (туюк жана ачык), шакек, эллипс, полигоналдык; элементтерин туташтыруу ыкмасына карай - катуу, шарнирлүү, ийкемдүү жана айкалыштырылган Тоо-кен казмаларын бекиткичи. Кен казууга шахта талаасын даярдоо казмаларында (штрек, квершлаг) бекиткичтин тиби жана саны тоо тек массивинин абалына жараша аныкталат. Казманын жабуусун кармап туруу үчүн жыгач же темир бекиткичтер колдонулат. Кээде, тоо тектердин урап түшүүсүн болтурбоо максатында казманын туш тарабы бетондолот. Кен казылуучу казылманы бекитүүдө кенташ тулкусунун жана аны чектеп турган тоо тектердин локалдык абалына жараша система иштелип чыгат. Көмүр, калий кендерин камералык-столб ыкмасы менен казууда бекиткич дээрлик колдонулбайт, жабууну туруктуу кармап турууга целик (кийин ал да казылып алынат) гана жетиштүү. Татаал тоо-кен-геологиялык шартта кен чакан оюктарда казылгандыктан жыгач бекиткичтери көп санда талап кылынат. Бул учурда, бурчтары бекитилген тик бурчтуу жыгач рамадан турган туташ конструкция кабаты курулат. Пайдаланылып бүткөн көпчүлүк казмаларда толтуруу иштери жүргүзүлөт. Бургулоо көзөнөктөрүндө бекиткич түтүктөр колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4