Тоо-кен металлургия комплекси

Википедия дан

Тоо-кен металлургия комплекси. Чалгындалган кендердин базасында тоо-кен металлургия комплекси түзүлгөн.

Алтын. Алтындын запастарынын салыштырмалуу геологиялык жакшы изилдениши жа камсыз болушу чет өлкөлүк инвестицияларды кызыктырууда. Алтындын эң көп саны «Кыргызалтын» Мамконцерни тарабынан Макмал кенинен, кыйла азыраак саны СолтонСары кенинен, андан да азыраагы Швейцариянын «Андре Се Са» фирмасы менен бирдикте Кара-Балта тоо-кен комбинаты тарабынан Куран-Жайлоо кенинен казылып алынууда; чачылма алтын биргелешкен кыргыз-мальта, кыргыз-россия ж. б. чакан ишканалары тарабынан казылып алынат. Казып алуунун келечеги терең горизонтторду жеткире чалгындап чыгуу менен байланыштырылууда. Япон грантын алуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү бар (металл иштетип чыгуу өнөр жай агентствосу). Куран-Жайлоо кенинин эсебинен алтындын казылышын 3-4 тоннага чейин көбөйтүүгө болот. 1997-ж. бери казып алуулар Кум-Төрдүн («Кумтөр голд оперейтинг»), Талды-Булактын («Андре Се Са»), НичкеСуунун (Кадам-Жай сурьма комбинаты) жана америкалык-канадалык компаниянын, Долпрандын («Ак-Түз» МАКы жана Россиянын «Интер-Активи») ж. б. эсебинен көбөйүп жатат. Жер-Үй ири кенин эсептен чыгарып салууга болбойт. 2000-жылга карата казып алуу 20 тоннага, 2005-жылга карата 30-35 тоннага чейин жеткен.

Лицензиялардын арбын саны узак мезгил бою кендерди өздөштүрүүгө али кирише элек ишканаларга берилгендигин белгилей кетүү керек.

Сымап. Кыргызстан сымап казып алуу жана чыгаруу боюнча 1990-жылы эле дүйнөдө алдыңкы жана КМШда биринчи орунду ээлеген. Өндүрүш 1994-ж. (378,7 тонна) жана 1995-ж. (265 тонна) кескин төмөндөп кетти, Чаувай жана Улуу-Тоо кендери табылды. Азыркы убакта мурдагы Айдаркен сымап комбинаты сымаптын 0,3%тик кондициялары менен аныкталган эсептеги блоктордон тышкары уя тибиндеги бай сымап кендерин (1%ке жакын) казып алуунун эсебинен «жашоодо». Сымап казып алууну көбөйтүүнүн андан аркы перспективалары кондицияларды (0,3%тен жогору) кайра эсептеп чыгуу, майда бай кендерди чакан ишканалардын иштетип чыгышы, продукциянын ассортиментин (туздар, оксиддер, сымаптар, микробатареялар ж.у.с.) көбөйтүү менен байланыштырылууда. Сурьма. Кыргызстанда КМШдагы жападан жалгыз Кадамжай сурьма комбинаты жайгашкан, анын курамына ар кыл сорттордогу, анын ичинде эң таза жана бирикмелерден турган сурьма чыгаруучу металлургия заводу кирет.

1994-ж. сурьма чыгаруу 9588 тоннага чейинки чоңдук менен бааланган, 1995-ж. өндүрүштүн төмөндөп кеткендиги байкалды. Кыргызстандын «сурьма монополиясынан» ажырашы республиканын экономикасына терс таасирин тийгизет. Мындай опурталдуулук бар, анткени өзүбүздүн сырье базаларыбыз жайбаракаттык менен өнүккөндүктөн, сырьенун көпчүлүк бөлүгү Якутия менен Тажикстандан келет. Тармакты өнүктүрүү перспективалары Ничке-Суу, Саба-Жарды алтын-сурьма кендерин өздөштүрүү, кычкылдуу жана мышьяктуу кендерди кайра иштетип чыгуу акционердик ишкананын негизинде иштеп жатышкан берип туруучулардын тыгыз карым-катнаштары менен байланыштырылууда. Ошентип, 2005-жылга карата сурьма чыгарууну 10 миң тоннага чейин жеткирүүгө болот экен.

Калай жана вольфрам. Сары-Жаз калай кенинин районундагы чалгындалган Лесистое (Трудовое кени) участкасынын базасында калай-вольфрам концентратын чыгаруу республикада жакында эле башталган. 1994-ж. 30-40 миң тонна кен казылган, 1995-ж. Лесистое участкасынан 80 миң тонна жана жаңы Ат-Жайлоо участкасынан 3244 тонна кен казып алуу пландаштырылган. 2000-жылга карата Үч-Кошкон жана Сары-Жаз (Трудовое) кендеринин базасында кен байытуу комбинатын куруу зарыл, ал жыл сайын 500-600 миң тонна калай-вольфрам кенин кайра иштетип чыгууга жана тиешелүү концентрат алууга мүмкүнчүлүк берет.

Курулуш ж. б. материалдар өнөр жайы. Металл эмес пайдалуу кендерди (мрамор, гранит, чопо, гипс, акиташ, чопо сланецтери ж.б.) алуу кескин төмөндөдү. Казып алууларды 2000-жылга карата өткөн жылдардын (сексенинчи жылдардын аягы) көлөмүндө көбөйтүү болжолдонууда, анткени чет өлкөлүк өнөктөрдөн инвестиция алышкан чакан ишканалар түзүлдү. Көп көмүр ишканалары көмүр казып алуунун кыскаргандыгына байланыштуу каолин, гипс, базальт ж. б. тектерди, о. э. гумин кислоталарын казып алууну жандандырышты. Мунун бардыгы иштетиле элек түрүндө, негизинен, коңшулаш Өзбекстанга чыгарылат. «Каракорум» Кыргыз-Россия чакан ишканасы Россияга бериле турган волластонитти казып алууну жолго койду. Эгерде бул баалуу сырьену жеринде кайра иштетип чыксак, керамика өнөр жайын, жаңы конструкциялык, курулуш материалдарынын өндүрүшүн түзсөк, өнөр жай секторун алда канчалык жандандыра алмакпыз.

Минералдык сууларды куюштуруу. Чет өлкөлүк түз инвестициялардын аркасында Кыргызстандын минералдык булактары жана мөңгүлөрү республикага белгилүү киреше түшүрө баштады. Минералдык сууларды, жөн эле таза сууну куюштуруу боюнча биргелешкен чакан «Ысык-Ата», «Арашан», «Кара-Шоро», «Фрунзенское» ишканалары түзүлдү. Kapa металлургия. Өзбекстанга сырье берип туруу үчүн Кыргызстандын Чаткал районунда казып алууну жана металлургияны уюштурууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9