Тоо кaзы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Тоо кaзы.
Anser indicus

Тоо кaзы (Anser indicus, Latham, 1790):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Борбордук Азияда бийик тоо көлмөлөрдөгү куш. Кыргызстанда Соңкөл жана Чатыркөлдө жашайт. Мурда тоо казы Арабел жана Сарыжаз сыртында уялоочу. Кышында (1987-жана 1989-жылдын январы) 100-150 куш Акөлөң жана Торайгыр аймактарында кездешкен.

Жашаган аймактары[оңдоо | булагын оңдоо]

Тоо казы көлдөрдө жана дарыялардын жээктеринде, аралчаларда же көлгө кирүүчү узун кургак тилкелерде, саздарда уялайт. Сөңкөлдө тайыз жээктүү, уялоого жагымдуу келген аралчалар талкаланган, ошондуктан азыркы убакта уялоочу жерлер аз болуп калды. Ал эми Чатыркөлдө материктүү аралчалар жок, каздар өсүмдүктөр топтошкон тайыз жерлерде уялашат. Мындай аралчалар тез эле суу каптап кеткендиктен, оңой бузулушат, ошондуктан каздар оорун алмашууга мажбур болушат.

Саны[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстанда бул каздардын жалпы саны 282-342 особдорго жеткен.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстанга тоо каздардын учуп келиши апрелдин ортосу жана аягынан тартып көлдөрдүн жээктериндеги муздардын эриши менен байланыштуу . Уяны ургаачысы салат, жерди чуңкур казып, ага кургак чөп төшөйт. Уяда 4-6га чейин жумуртка болот, аны ургаачысы басат, эркеги жанында болот. Балапандарын 28-29 күндө басып чыгарат. 1-2 күндөн кийин уясын таштап көлгө кетет. Жаштары 60-65 күндөн кийин канаттарын кагып уча башташат. Алар суу жана жээк өсүмдүктөрү менен азыктанышат – аларга рдест, жекен, бетеге чөптөр кирет. Каргалар, кулаалылар, түлкүлөр, суу бүркүттөр жумурткасын жана балапанын жеп коюшат. Ноябрда учуп кетишет.

Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]

Каздардын саны азайуусуна жазында алардын жумурткасын чогултуу, аңчылык кылуу. Азыркы учурда Сөңкөлдө уялоого ыңгайлуу аралчаларды талкалоо, балыкчылардын жана чабандардын болушу таасирин тийгизишет.

Көбөйтүү (колдо багуу)[оңдоо | булагын оңдоо]

Колго бакса жакшы көбөйөт. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында Ысыккөл коругунда тоо казын көбөйтүүгө питомник уюштурулган. Бир нече жылдардын ичинде жаштарынын бир бөлүгүн Сөңкөлдөгү жапайы куштарга кошушкан. Акча каражатынын жетишпегендигинен илимий деңгээлде анын көбөйтүүсү жолго салынбай калган.

Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

1975-жылдан тартып Кыргызстандагы тоо каздары сейрек жана жоголуп бара жаткан түрлөрдүн тизмесине, ал эми 1985-жылы КК киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]

Каздардын белгилүү уялоочу жерлерин коргоого алуу. Кыргызстанда азыркы учурдагы таралышын изилдөө, көчүшүүнүн мөөнөтүн жана уя салышын тактоо, колго кармап тукумдатуунун методикасын иштеп чыгуу.

Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]

VI категория, Near Threatened: R. Кыргызстанда саны азайып бара жаткан түр. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]