Тоо тектердин жайгашуусу
Тоо тектердин жайгашуусу - тоо тек тулкуларынын жер кыртышында жаткан абалы жана формасы.
Чөкмө жана метаморфизмделген тоо тектер катмар же катмарча турүндө жатат. Чөкмө тоо тектердин алгачкы жайгашуусу бузулбаган учурда алар горизонталь абалда жайгашып, ал эми тектоникалык кыймылдардын натыйжасында ар түрдүү ийилүүлөргө дуушарлатат же түркүн жылышууларга учурайт. Катмарлар бүктөлүп, бирок сынып бөлүнбөсө, пликативдүү, сынып ажырап кетсе, дизъюнктивдүү бүктөлүш деп аталат. Чокмо тоо тектердин топтолушу боюнча трансгрессиялуу, регрессиялуу жана миграциялуу жайгашуу деп ажыратылат. Горизонталь багытта жайгашкан байыркы тоо тек кабаттарынын үстүнө бир нече геологиялык мезгилдерден кийин пайда болгон жаш тоо тектер жайгашса, стратиграфиялык келишпестик жайгашуусу деп аталат. Магма тоо тектери жер кыртышында шток, дайка, боталит, локколит, тарам түрүнде кезигет. Айрым катмарлардын жана комплекстердин жер кыртышындагы абалы алардын жайгашуу элементтерин (созулуу багыты, жантаюу багыты жана бурчу) өлчөө аркылуу аныкталат. Too тектердин жайгашуу элементтери тоо компасы же терең бургулоо скважинасынын маалыматы менен аныкталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.