Тоо тектердин суу өткөргүчтүгү

Википедия дан

Тоо тектердин суу өткөргүчтүгү - тоо тектердин суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү.

Суу өткөрүүчулүктүн даражасы тoo тектердеги көңдөйчөлөргө, жаракаларга жана анын бүртүкчөлөрүнүн көлөмүнө, иргелүүсүнө жараша болот. Эң жакшы суу өткөргүч - шагыл (галечник), сай таштары (гравий), ири бүртүкчөлүү кум жана өтө жаракаланган тоо тектер. Суу өткөрбөс - чопо, ныкталган кумай топурак, жаракаланбаган метаморфизм, интрузия жана тыгыз чөкмө тоо тектер. тоо тектердин суу өткөргүчтүгү чыпкалоо жөндөмү (ылдамдыгы) боюнча аныкталат. тоо тектердин суу өткөргүчтүгүн билүү жер астындагы сууларды чалгындоодо, гидротехникалык курулуштарды курууда, кургатуу жана сугаруу жумуштарын жүргүзүүдө маанилүү

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.