Тоо топурактары

Википедия дан
Тоо топурак (Чили‎).

Тоо топурактары - тоолуу рельефтин шартында өөрчүгөн топурактар тобу.

Тоо климатынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу айрым бийик тоо топурактары түздүктөрдө кездешпейт; мис., тоо шалбаа топурагы, бийик тоо чөл топурагы. Тоо топурактары негизинен тигирээк капталдарда өөрчүгөндүктөн, аларга көбүнчө таштуулук, кыртыштын жукалыгы, начар үбөлөнгөн алгачкы минералдардын арбын болушу мүнөздүү. Тоо топурагынын таралышы негизинен бийиктик алкактуулукка байланыштуу; климаттын бийиктик боюнча өзгөрүүсүнө, тоонун кеңдик жана сектордук абалына, тоо капталдарынын экспозицияларына жараша төмөнкү топурактар өөрчүйт: тоо тундра, тоо шалбаа, тоонун шалбаалуу-талаа, тоо талаа ж. б. топурактары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2