Мазмунга өтүү

Топологиялык көбөйтүндү

Википедия дан

Топологиялык көбөйтүндү — топол. мейкиндиктердин тобунун {(Хо, Г ):аеА\ көбөйтүндүсү, б. a. (X, Г) топол. мейкиндиги; мында X - берилген {Ха:аеА} көптүктөрүнүн тобунун декарттык көбөйтүндүсү, ал эми Г болсо X көптүгүндөгү бардык проекция ка: (ХГ)->(ХаГа), аеА үзгүлтүксүз болгон эң алсыз топология. (X, Г) топол. мейкиндиги берилген {(Ха, Га):аеА} топол. мейкиндиктеринин тобунун Тихонов көбөйтүндүсү деп аталат.

Жогоруда Т. к. катары аныкталган (X, Г) топол. мейкиндигинин стандарттуу базасында naİ(°al) п... п tıa}(Oa„) түрүндөгү көптүктөр кызмат кылат, мында {аг а2, ..., dJcA - эркин алынган чектүү көптүк. Эгерде {(Ха, Га):а&А} эки гана X жана Ү топол. мейкиндиктеринен турса, анда Z=X/Y топол. мейкиндигинин базасы болуп UxV түрүндөгү көгггүктөр кызмат кылат, мында U берилген X топол. мейкиндигиндеги ачык көптүк, ал эми V-Y топол. мейкиндигиндеги ачык көптүк. Топол. мейкиндиктердин чексиз тобун A. Н. Тихонов (1925) аныктаган. Топологиялык көбөйтүндү амалы - топологиядагы эң негизги амалдардын бири.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4