Топтук эгоизм

Википедия дан

Топтук эгоизм — коомдук кызыкчылыктарга запал келтире турган адамдардын тобунун, кандайдыр бир жамаатынын, бирикмесинин өз кызыкчылыгын көздөгөн мотивациясын билдирүүчү соз айкашы; «топтошуучулук (групповщина)» терминине мааниси жактан жакын, биздин коомдук-саясий адабият менен публицистика үчүн салыштырмалуу жаңы түшүнүк.

Андан көрүнүштүн моралдык жагына өзгөчө басым жасалганы менен гана айырмаланат. Айыггтоо контекстинде гана колдонулат. Социалдык кубулуш катары Топтук эгоизм дээрлик адамзаттык цивилизация сыяктуу эле байыркы. Анын келип чыгышы бир жагынан эмгектин бөлүнүшү жана социалдык-топтук дифференциация менен байланыштуу болсо, экинчи жагынан нормативдик регуляциянын көп түрдүү тутумунун болушу менен да байланыштуу. Топтук ишмердиктин автономдуулугуна жана бир эле мезгилде саясий турмушта ар түрдүү моралдык стандарттардын катышынын аркасында үстөмдүк кылуучу социалдык нормалар менен топто кабьш алынган жүрүм-турум стандарттарынын ортосунда ажырым сөзсүз пайда болот.

Жалпы кабыл алынган нормалардан минтип четтеп кетүү тике, карама-каршы баалуулук векторуна ээ болуп, айталы, альтруизм, ошондой эле эгоизм менен айырмаланышы мүмкүн. Социалдык нормаларга карата жүрүм-турумдагы маанилүү флуктуациялар моралдык жана укуктук жонго салуу менен кармалат, ошол эле мезгилде баалуулук элестөөлөрүнүн өздөрүнүн эволюциясынын фактору болот. Каралып жаткан кубулуштун баалоо критерийлери тарыхый жактан шартталган жана кыймылдуу. Инновациялардын демилгечилери зарьшдыгына жараша өзгөчөлөнүүгө, иш-аракеттердин топтук образына түрткү болоору анык. Ошондой эле авангардцык топтор адамзаттык чыгармачьшыктын бардык түрлөрүндө орнотулган нормаларды сыйлабагандык, бийик амбиция, топтошуучулук күнөөлөрүн алышкан. Ушул эле ойду алгач ересь, фракциондуулук, партикуляризм ж.б. делип четке кагылган жана кийин конституциялык же социалдык норма катары ырасталган саясий идеялар менен элестөөлөрдүн уюшулган алып жүрүүчүлөрү жөнүндо дагы айтууга болот. Жогоруда келтирилгендер дегеле «Топтук эгоизм» түшүнүгүнүн баасын түшүрбөйт, бирок аны ашыкча кеңири жана жөндүү колдонууга карты абайлайт. Ошентсе дагы Топтук эгоизмдин аныктоочу белгилери болуп коомго, анын маданий фондуна, адамдардын ден соолугу'на тике материалдык чыгым, ошондой эле жалпы адамзаттык нравалык нормаларга зыян келтире турган топтордун активдүүлүгү саналат. Мындай көрүнүштөр согуштардын, социалдык кризистердин, массалык эпидемиялардын ж.б. кубулуштардын экстремалдык шартында тездейт, аномия жаралганда, нормативдик көзөмөл механизмдери начарлайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8