Мазмунга өтүү

Топурактын механикалык курамы

Википедия дан

Топурактын механикалык курамы — топурактагы түрдүү өлчөмдөгү жана формадагы элементтердин (бөлүкчөлөрдүн) салыштырмалуу үлүшү.

Кургак топурактын салмагына карай процент менен көрсөтүлөт. Топурак бир нече смден (таш) ммкто (коллоиддер) чейинки түрдүү диаметрдеги бөлүктөрдөн (механикалык элементтерден) турат. Өлчөмү боюнчажакын механикалык элементтер айрым топторго же фракцияларга биригет. Мех. бөлүкчөлөрдүн минер., химиялык курамы алардын өлчөмүнө жараша өзгөрүлөт. Фракциялар канчалык майда болсо, аларда кремнезём (SiCb) ошончолук аз, ал эми чиринди, темир, алюминий, марганец, кальций, магний, калий, натрий, фосфордун түрдүү бирикмелери көбүрөөк болот. Топурактын суу, аба, жылуулук режимдери, физилдөө, физилдөө-механикалык ж. б. касиеттери Топурактын механикалык курамына байланыштуу. Айыл чарбада пайдаланууга физилдөө кум 20-30% жана физилдөө чопо 70-80% болгон орто чополуу топурак ыңгайлуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4