Элементтер

Википедия дан

Элементтер(лат. elementum – табият, эң алгачкы нерсе) – грек философиясындагы эң алгачкы нерселер, атап айтканда от, суу, аба, жер, о. эле (бешинчи элемент катары – лат. квинтэссенция) эфир же түн.

Индия философиясында: от, шамал, жер, суу, эфир: кытай философиясында – темир, жер, жыгач, суу, от деп аныкталган; орто кылымдардагы алхимияда, бир жагынан, суу – кургак, муздак – жылуу, экинчи жагынан – күкүрт, туз, күмүш деп каралган. Юнгиус Жер өзү эбегейсиз көптөгөн Э-ден турат деген жобону сунуш кылгандан кийин, Бойль элементке андан ары жөнөкөй заттарга ажыратууга болбой турган нерсе деген илимий аныктаманы берген. Азыркы учурда 100дөн ашык элемент белгилүү. Өтмө мааниде, элемент – бир нерсенин бөлүгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8