Топуракты шор басуу

Википедия дан

Топуракты шор басуу — сууда эрүүчү туздардын топуракта топтолушу.

Көбүнчө чөлдүү жана жарым чөлдүү туюк ойдуң жана түздүктөрдүн топурагы шорлонот. Тоодон же бийик жантайыңкы жерден агып түшкөн суу көптөгөн туздарды жууп, көл, океандарга агып чыкпаса, ал бууланат да, курамындагы туздар топурак нымында топтолуп, чөгөт; топурак пайда болуучу түпкү тектердин туздуулугунан, биогендик же башка факторлордон да болот. Сугат жерлеринде топурактын суу режиминин бузулушунан да, ошондой эле туюк түздүктөрдү сугарганда жер астындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, топуракты шор басышы мүмкүн. Топуракты шор басуудан сактоо үчүн туура сугаруу, топуракты шордон арылтып жууп жана суунун агып кетишин камсыз кылуу керек. Шордон арылуу үчүн гидромелиорациялык иштер (топурактын нымдуулугун жогорулатуу, дренаж аркылуу кыртыш тереңдигине түшүрүү) жүргүзүлөт. Шордон арылтылуучу талаа алдын ала тегизделип, жалчалар менен тосулат. Топурактын шордуулугуна жараша ар гектар аянтка минутасы 2-20 ж' суу талап кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4