Топурак буфердүүлүгү

Википедия дан

Топурак буфердүүлүгү - кислота менен жегичтин таасиринен реакциянын (pH) өзгөрүшүнө топурактын тоскоолдук кылуу жөндөмдүүлүгү.

Топуракта күчтүү негиздин жана начар кислотанын туздары көп болсо, ал кычкыл жер семирткичке буфердүү, начар негиздин жана күчтүү кислотанын туздары жегичтүү жер семирткичке буфердүү келет. Топуракта коллоид бөлүкчө жана чиринди (мисалы., кара топуракта) көп болсо, кычкыл жер семирткичке көбүрөөк тоскоол кылат. Топурак буфердүүлүгүнүн өсүмдүктүн өсүшүнө таасири чоң. Жер семирткич чачуу менен Топурак буфердүүлүгүн жогорулатуута болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.