Топурак эрозиясы

Википедия дан

Топурак эрозиясы — суу менен шамалдын таасиринен топурактын үстүнкү катмарынын желип бузулушу; топурактын жуулуп, башка жерге чөгүшү.

Топурак эрозиясы жаан жана эриген кар суусу аккан, шамал соккон жерлерде пайда болот. Суу жана шамал (дефляция) эрозияларына айырмаланат. Суу эрозиясынын 3 тиби белгилүү: жаанчачын суусунан, эриген кар суусунан жана сугат суусунан болгон эрозия. Топурак эрозиясы нормадагы (табигый) жана тез жүргөн (бузуучу) эрозияга айырмаланат. Нормадагы Топурак эрозиясы жай жүрөт; мында топурактын күрдүүлүгү анча төмөндөбөйт (топурак аз желип, табигый түрдө кайра калыбына келет). Тез жүргөн Топурак эрозиясы адамдын чарб. иш-аракетинен (өсүмдүк өстүрүү, мал жаюу, курулуш ишинде ж. б. учурларда жерди туура эмес пайдалануудан, эрозияга каршы чара көрүлбөгөндөн) болот. Топурак эрозиясында топурактын аба, суу, жылуулук режимдери, ным сиңиримдүүлүгү жана өткөрүмдүүлүгү кескин начарлайт; топурак нымы көбүрөөк бууланып, запасы азаят; микроорганизмдер азайып, алардын биологиялык активдүүлүгү төмөндөйт; топурак күрдүүлүгү кескин начарлайт. Топурак эрозиясы эл чарбасына жана айыл чарбана чоң зыян келтирет. Кыргызстандын жери тоолуу келип, Топурак эрозиясынын пайда болушуна ыңгайлуу. Топуракты эрозиядан сактоо үчүн ашыкча сугарбоо, туура которуштуруп эгүү, жер семирткичти туура пайдалануу, кар топтоо, коргоо токой тилкелерин отургузуу, ан, жарларды өздөштүрүү, жайыттарды которуштуруп пайдалануу, арык, каналдарды бекемдөө ж. б. ар бир зона үчүн өзүнчө топурак коргоо системасын аткаруу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4