Топчубай Юнусов

Википедия дан

Юнусов Топчубай (1905, азыркы Кара-Суу району, Монок кыштагы. - 1982, ошол эле жерде) – айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дыйканы (1958). 1947-жылдан КПСС мүчөсү. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.

Эмгек жолун 1924-ж. мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1930-жылдан админ.-чарбалык иштерде. 1945-жылдан Кара-Суу районундагы К. Маркс атындагы колхоздун председатели. Ал жетектеген колхоз 1956-ж. 700 га аянттын гектарынан 34,6 цден пахта жыйнап алган. 1962-66-жылдары СССР Жогорку Советинин[2], 1955-66-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры,Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 14 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
  2. Список депутатов Верховного Совета СССР VI созыва