Топ гүл

Википедия дан

Топ гүл — өсүмдүктөрдүн жылдык өркүнүнүн гүл жайгашкан бөлүгү. Ал жалпы же башкы гүл саптан жана андан өсүп чыккан каптал гүлдөрүнөн туруп, жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт.

Жөнөкөй Топ гүл негизги гүл саптан жана анда жайгашкан эки же андан көп гүлдөн турат. Жөнөкөй Топ гүлгө ботриктик же каптал гүлдүү (моноподийдик бутакталган жана гүлү түбүнөн чокусун көздөй ачылган) жана цимоздук же чоку гүлдүү (симподийдик бутактанган жана гүлү төмөн көздөй ачылган) түрлөрү кирет. Ботриктик Топ гүлдүн чачы, калканча, машак, сото, чатырча, башча, себетче, сөйкөчө түрлөрү бар. Чачыда негизги узун гүл сапка гүл сабы бирдей узундуктагы каптал гүлдөр жайгашкан (моюл). Калканчада каптал гүлдөр чачыдагыдай эле жайгашып, улам төмөнкү гүлдүн гүл сабы өйдөкүнүкүнөн узунураак болгондуктан бардык гүлдөр бир тегиздикте болот (алма, алмурут, кара өрүк). Машактын каптал гүлдөрү да чачыдагыдай жайгашканы менен гүлдөрү сапсыз (бака жалбырак). Мындай Топ гүлдүн башкы сабы өтө жоонойгон болсо, ал сото деп аталат (жүгөрү, айыр). Башкы гүл сабы ийилген машак - сөйкөчө деп аталат (тал). Кыскарган жалпы гүл саптын учунда гүл сабы бирдей узундактагы гүлдөр бир тегиздикте жайгашса, чатырча деп аталат (примула). Башчададагы гүлдөр кыска, жоон башкы гүл сапта чатырчадай эле жайгашат, бирок гүлдөр сапсыз же сабы өтө кыска болот (уй беде). Себетте негизги гүл сабынын учу жазы болуп, анын томпок же жалпак бетинде сапсыз гүлдөр жайгашат (күн карама, ромашка). Цимоздук же чоку гүлдүү Топ гүлгө дихазий, плейохазий, бурулча, ийректүү Топ гүл кирет. Tатaал Топ гүл окшош же ар түрдүү жөнөкөй Топ гүлдөрдөн турат. Ушуга байланыштуу алар бир тектүү, ар тектүү жана аралаш татаал Т. г. болуп бөлүнөт. Мис., ашкөктүн Топ гүлү - татаал чатырча, ал жалпы гүл сапта жана анда жайгашкан бир нече жөнөкөй чатырчадан турат. Буудай менен арпанын татаал машагы жалпы гүл сапка жайгашкан жөнөкөй машактардан, тикендин татаал плейохазийи себеттерден турат ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4