Топ таш

Википедия дан

Топ ташкыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Оюн тегиз, түз жерде ойнолот.

Биринчи баштаган оюнчу беш ташты ыргытып, колунун үстүнө токтотуп туруп, колдун үстүнө бир ташты калтырып, калган төрт ташты жерге түшүрүп, колдун үстүнө токтогон ташты кайра жогору ыргытып, тутуп алат. Калган жерге түшкөн төрт ташты бирден кылдаттык менен жерден ала турган бир таштан башка ташка колун тийгизбестен, колундагы бир ташты жогору ыргытып, кайра жерден бир ташты терип, жогору ыргыткан ташын кошо тосуп алат. Ошентип, жердеги төрт ташты терип алыш керек. Оюндун жүрүшүндө оюнчу колундагы ташты жогору ыргытып, жогору ыргыткан ташы жерге түшкөнчө жерден таш ала албай калса, же жерден таш алган убакта, оюнчунун колу башка Tanrıca тийип кетсе, же ал ыргыткан ташын туталбай калса, оюнду ойноо кезеги атаандашына берилет. Топ таш оюнунун көптөгөн түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4