Торайгыр ашуусу
Көрүнүш
Торайгыр ашуусу — Күнгөй Ала-Тоонун батышында. Түндүк жана Түштүк Торайгыр сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 3250 м. Анын айланасындагы Көлтөр чокусу 3812 м, Кызылбулак чокусу 3830 м бийиктикте жатат. Ысык-Көл жана Чоң-Кемин ойдуңдарынын таманынан салыштырмалуу бийиктиги 1600 м. Түндүк тарабынын ландшафты кооз. Жыш өскөн карагай токоюнун арасында, 2430 м бийиктикте Көлтөр көлү жайгашкан. Туристтердин жолу. Торайгыр ашуусу аркылуу Ысык-Көл районунун малы Көкойрок жайлоосуна ашырылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Archived 2016-03-27 at the Wayback Machine Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2