Торобеков Нурлан Надирович

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Торобеков Нурлан Надирович, 1969 жылдын 24 февралда Кыргыз Республикасынын Фрунзе шаарында төрөлгөн.
Улуту кыргыз.
1976 жылы Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 мектептин биринчи классына барып, 1986 жылы орто мектеп окуусун бүтүргөн.
Үй-бүлөлүү.
Келинчеги- Чалова Милана, үй кызматында. Төрт баланы тарбиялап өстүрүүдө.
Торобеков Нурлан Надирович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Ар–Намыс» депутаттык фракциясынын мүчөсү.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1986 жылы, мектеп окуусунан кийин IV разряддагы электромонтер катары Фрунзе шаарынын ведомтствук эмес охранасынын Ленин райондук бөлүмүндө иштеген.
1987 жылы Совет Армиясынын чек-ара аскер күчтөрүнө чакырылган.
1988 – 1989 жылдары 40 армиянын курамында 5 мотоманеврдүү тобунда, противотанковый отделениесинин командири катары аскер кызматын Ооган жеринде өткөн.
Аскер наамы – сержант. Күжүрмөн окуяларына катышкан.
1989 жылы Совет Армия катарынан кызмат мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.
Совет Армиясынан бошогондон кийин «Кыргызавтомаш» заводунда IV разряддагы электромонтер катары ишин уланткан.
1990 жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетине окууга кирип, 1992 жылы үй-бүлөлүк себептер менен акакдемикалык отпуск алган.
1999 жылы юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө которулуп 2004 жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетиндеги жогорку окуусун бүтүргөн.
2000 жылы Кыргыз Республикасынын коргоо министринин буйругу менен запастын «лейтенанты» деген аскер наамы берилген.
1992 – 1995 жылдары предпринимателдик иш менен алектенген.
1995 жылы Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин жардамчысы болуп дайындалган.
Ошол эле жылы социалдык суроолор боюнча председателдин орун басары кызматына которулган.
1996 жылдын февраль айынан баштап 2000 жылдын февраль айына чейин Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин председателинин милдетин аткарып келген.
2000 жылдын 26 февралында жалпы республикалык конференцияда Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин председатели катары 5 жылга шайланган.
2005 жылдын 4 июнунда жана 2009 жылдын 7 декабрында отчеттук-шайлоо конференцияларында дагы эки жолу Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин председатели катары шайланган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооган территориясында күжүрмөн окуяларына катышуусу үчүн Өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланган.
Ардагерлер кыймылына салган чон салымы, Баткендеги күжүрмөн окуяларга катышуусу, «А» батальонун түзүлүүсүнө, КМШ жана Орусия федерациясынын ардагерлер уюмдары менен байланыштарды, эмгектештикти бекемдөөгө салган чоң салымы үчүн Өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланган.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[[https://web.archive.org/web/20110808083703/http://www.kenesh.kg/Articles/521-TOROBEKOV_Nurlan_Nadirovich__Frakciya_ArNamys.aspx Archived 2011-08-08 at the Wayback Machine]] Cotegory: Персоналия