Тору-Айгыр

Википедия дан

Тору-Айгыр "Манас" эпосундагы топоним. Радлов жазып алган вариантта бир катар географиялык аттардын арасында: "Тору-Айгырды ашам дейт, Сары-Кайкаң басам дейт" (Радлов жазып алган вариант, 4), — деп айтылат. Географиялык реалияда Т.-А. Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү жана Иле аймагындагы жердин аты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4