Трактор жана айыл чарба машиналарын техникалык тейлөө

Википедия дан
Трактор техникалык тейлөө (1943).

Трактор жана айыл чарба машиналарын техникалык тейлөөтрактор жана айыл чарба машиналарынын тетиктерин, түйүндөрүн жана агрегаттардын өз учурунда жөнгө салуу аркылуу тетикти эрте жешилтпөөчү иш-чаралардын жыйындысы.

Тейлөө учурунда төмөнкү жумуштар аткарылат: жууп-тазалоо; техникалык абалын текшерүү; майлоо; жөндөө; тез жешилүүчү тетиктерди алмаштыруу ж. б. жумуштар аткарылат. Техникалык тейлөө машиналардын документтеринде көрсөтүлгөн тартипте адистердин жардамы менен жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4