Трансформатор подстанциясы

Википедия дан

Трансформатор подстанциясы - өзгөрмө ток тармагында чыңалууну жогорулатуучу же төмөндөтүүчүчү жана электр энергиясын керектөөчүлөргө бөлүштурүүчү көмөк чордон.

Трансформатор подстанциясынын курамына трансформатор, автотрансформатор, болупттургуч, коргоочу аппаратура ж. б. кошумча жабдуулар кирет. Электр энергиясынын булагы жайгашкан ордуна карата Трансформатор подстанциясы жогорулатуучу жана төмөндөтүүчү болуп айырмаланат. Жогорулатуучу Трансформатор подстанциясы генератор иштеп чыккан чыңалууну энергия тутумуна берүү үчүн өтө жогорку чыңалууга өзгөртөт. Төмөндөтүүчү Трансформатор подстанциясы электр станциясынан алынган жогорку чыңалууну төмөнкү чыңалууга өзгөртөт. Төмөндөтүучу Трансформатор подстанциясы райондорду, ишканалардын бөлүмдөрүн, кыштактарды электр энергиясы менен камсыздайт. Трансформатор подстанциясы конструкциясы боюнча ачык жайда, жабык (имаратта) орнотулма жана көчмө болуп айырмаланат. Азыр комплекстүү Трансформатор подстанциясы кеңири колдонулууда. Ал заводдо жасалып, орнотулуучу жайга толук чогултулуп же өзүнчө блоктор менен жеткирилет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.