Трансформация (генетика)
Трансформация (лат. transformatio - кайта түзүү, айландыруу) – генетикада, клеткага чоочун ДНКнын киришинин натыйжасында анын тукум куума касиеттеринин өзгөрүшү; прокариоттордо генетикалык материал менен алмашуунун бир ыгы. Биринчи жолу 1928-ж. пневмококктордо Ф. Гриффит тарабынан байкалган. 1944-ж. О. Эйвери жана башка (США) оору козгобоочу (патогендик эмес) бактерияларды оору козгоочу (патогендик) штаммдардан бөлүнүп алынган ДНК, оору козгоочуларга (патогендик) айландыруу менен Т-рын далилдешкен. Т. ошондой эле бактериялардын ар түрдүү урууларында, түрлөрүндө (стрептококктордо, гемофилдик бактерияларда жана башка) изилденген. Т-ланууга компетенттүү (клетканын чоочун ДНКны киргизүү жөндөмдүүлүгүн белоктун синтези менен байланыштырышат) кээ бир клеткалар гана жөндөмдүү, Т-лоочу ДНК эки спиралдуу, хим. жактан таза жана 300000 d кем эмес молекулалык салмакка ээ болушу керек. Клеткага донордун ДНКсынын бөлүгүнүн киргизилишинен кийин, анын жипчелеринин бирөө деградацияланат, ал эми экинчиси гомол., окшош бөлүктөрүнүн рекомбинациясынын эсебинен реципиенттин хромосомасына киргизилет. Т. генетикалык материал менен алмашуунун башка формаларын (конъюгация, трансдукция) жана белгисиз бактерияларды генетикалык анализдөө үчүн генетикалык инженерия боюнча илимий тажрыйбаларда, эукариоттордун клеткаларына чоочун ДНКны киргизүүдө кеңири колдонулат. Т-нын ачылышы жана аны изилдөө менен ДНК - тукум куугучтук материалдын алып жүрүүчүсү экендиги далилденди.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4