Трансформерлер (мультсериал)

Википедия дан

"Трансформерлер" (англ. The Transformers) – 1984-жылдын 17-сентябрынан 1987-жылдын 11-ноябрына чейин экрандарга чыккан отуз мүнөттүк америкалык мультсериал. "Трансформерлер" франшизасынын көптөгөн серияларынын эң биринчиси Hasbro компаниянын Transformers оюнчук линиясында негизделген (Takara оюнчук жасоочу жапон компаниясы чыгарган Diaclone жана Microman оюнчук линиясында негизделген) жана унааларга же башка буюмдарга айлана ала туруучу гигант роботтордун согушун сүрөттөйт.

Marvel Productions жана Sunbow Productions синдикаттын биринчи чыгуусу үстүндө иштешкен, сериялардын анимациясы Toei Animation (Жапония) жана AKOM (Түштүк Корея) компаниялары аркылуу аткарылган. Мультсериал "Трансформерлер: Анимацияланган тасма" (англ. The Transformers: The Movie, 1986) анимацияланган тасмасы менен экинчи жана үчүнчү сезондор арасында кошумчаланган.

Бул сериялар "1-Муун" (англ. "Generation 1") катары кеңири таанымал, терминди мультсериалдын күйөрмандары 1992-жылы "Трансформерлер: 2-Муун" (Transformers: Generation 2) аталышынан улам колдоно баштаган, натыйжада бул аталыш мультсериалдын расмий аталышы катары колдоно баштаган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпизоддор тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]