Трафарет

Википедия дан

Трафарет (итал. traforo – сөзмө-сөз «тешүү», тордомо иш) – анча татаал эмес орнаменттер менен сүрөттөрдү көбөйтүүнүн эң жөнөкөй техникасы. Жука картондун бетинде (сейрек – башка материалда) тешиктерди кесип алышат, алар орду жана сөлөкөтү боюнча түп нусканын түстүк тактарына дал келишет, ал эми бул тешиктерди боёо менен келеечктеги «көчүрмөнүн» үстүндө түп нусканы алышат. Т. негизинен жасалга-колдонмо көркөм искусствосунда, сейрек плакаттын өзгөчө формаларында кездешет, к. ТАСС терезелери, РОСТА сатира терезелери макалаларын. Т. деп анча татаал эмес сүрөт жана орнаментти көбөйтүүгө арналган, тешиктери бар, жука картондун (же башка материалдын) барагы аталат. Т-тин саны түп нусканын түстүк ыраңдарынын санына дал келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]