Триангуляция

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Триангуляция (лат. triangulumүч бурчтук) - геодезиялык таяныч пункттардын торчосун түзүү методдорунун бири; ошол метод менен түзүлгөн торчонун өзү; жер бетинин ири участкасын планга түшүрүүдө, адегенде бүткүл участка боюнча ыңгайлуу бир нече чекит белгиленип алынат.

Бул чекиттерди ойдон түз сызыктар аркылуу туташтыруудан үч бурчтуктардын торчосу пайда болот. Ар бир үч бурчтуктун бурчтары ченелет да, жактарынын бири эсептелип чыгарылат: адегенде жактары түздөн түз ченелип, иш аныкталуучу үч бурчтуктан башталат. Ал үч бурчтуктун аныкталуучу жагы Триангуляциянын базиси деп аталат. Топографиялык планды картага түшүрүүдө Триангуляция методун пайдалануу Россияда 18-кылымдын аягынан башталган.

Триангуляция (матем.) - ийри сызыктуу бетти үч бурчтуктарга бөлүү. Мисалы, эгер тетраэдр Hie октаэдр шарга ичтен сызылса жана алардын бети шар бетине проекцияланса, анда сфера Триангуляцияны түзгөн 4 жана 8 ийри сызыктуу үч бурчтукка бөлүнөт. Триангуляциянын илимий практикалык мааниси өтө кеңири. Ал градустук өлчөөлөр методу менен Жердин келбетин жана өлчөмүн аныктоодо, жер кыртышынын горизонталь кыймылын изилдөөдө, ар түрдүү максаттар үчүн жана ар кандай өлчөмдө түзүлгөн толукталуу алкагын Тетис деңизи каптап, бул эки платформаны бөлүп турган.

Триангуляция. мененин аягында бардык геосинклиналдар жана платформалардын айрым бөдүгүн деңиз суулары ээлейт. Платформаларда көбүнчө континенттик (пролювий, агынды, кол, лагуна, эол ж. б.) чөкмөлөр, негиздүү лава жана жанар тоо тектери кедири тараган. Жер Ортолук дедиз геосинклиналь кырчоосунда карбонат тектери басымдуулук кылган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.