Трианон тынчтык келишими (1920)

Википедия дан

Трианон тынчтык келишими (1920) - 1-дүйнөлүк согушта жеңген өлкөлөр (АКШ, Улуу Британия, Франция, Италия, Япония . ж. б.) менен жеңилген Венгриянын ортосунда түзүлгөн келишим.

1920-ж. 4-июнда Версалдагы Чоң Трианон дворецинде кол коюлуп, 1921-ж. 26июлдан күчүнө кирген. АКШ Т. т. к-н бекитүүдөн баш тартып, 1921-ж. 29-августта Венгрия менен сепараттык келишим түзгөн. Трианон тынчтык келишими боюнча Венгрия маанилүү аймактарынан ажыраган. Трансильвания жана Банаттын чыгыш бөлүгү Румынияга, Хорватия, Бачка жана Банаттын батыш бөлүгү Югославияга, Словакия, Закарпат Украинасы Чехословакияга, Бургенланд провинциясы Австрияга өткөн. Бирок фашисттик Германиянын колдоосу менен 1938-1940-ж. бул келишим кайра каралып, Венгрия екмөтү 1920-ж. тарттырып жиберген айрым жерлерин өзүнө алган соң, Трианон тынчтык келишими өз маанисин жоготкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4