Трихинеллёз

Википедия дан
Булчуңдагы трихинелла.

Трихинеллез — адамдын жана жаныбарлардын жумуру мите курт — трихинелла пайда кылуучу оорусу.

Трихинелла[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Личинкасы

Жыныстык жактан өсүп жетилген трихинелла адамдын жана айбанаттардын ичке ичегисинде, ал эми личинкасы булчуң этте мителик кылат. Ургаачысы уруктангандан кийин ээсинин ичегисинин капталына кирип, 2000ге жакын эң майда личинка тууйт да, көп узабай өлөт. Личинкалар лимфа жана кан тамыр аркылуу бүт денеге тарайт. Ал булчуңга өтүп чоңоё баштайт. Эки-үч жумадан кийин булчуңда личинка ийрилип өсүп, спираль формасына өтөт да, 2—2,5 айдан кийин сыртынан кабык (капсула) менен капталат.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул оору адамга трихинеллез менен ооруган жаныбарлардын этин чала бышырып жегенден жугат. Оорунун алгачкы белгиси ал жуккандан 2—3 жума өткөндөн кийин денеси ысып (39—40°С), калтырак басат. Көзү кызарып, жарыкты карай албайт, булчуңдары, ичи ооруп, өтөт. Бети шишимик тартып, кээде көзү жүлжүйүп, ачылбай калат. Балдарда оору көбүнчө жеңил өтөт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоону врач гана жүргүзөт. Ооруну алдын алууда ветеринариялык текшерүүдөн өтпөгөн малдын этин тамак-аш катары пайдаланууга болбойт. Чочко этин, жапайы жаныбарлардын этин жакшылап кайнатып же кууруп жеш керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8