Троллинг

Википедия дан
Кээ бир сайттарда колдонулган эскертүү белгиси:Троллингден абайлаңыз!

Троллинг — термини виртуалдык коомдун катышуучуларынын сленги (колдонулуп жүргөн сөздүн башка мааниде айтылганы). Иш жүзүндө аң-сезими жетип туруп эле жалган айтуу, уруш-талашты жаратуу жана козутуу, чагымчылдык, жаман иштерге чакырык таштоо деп түшүнсөк болот. Интернет колдонуучулар мындай кадамдарга барган адамдарды Скандинавия жөө жомокторундагы түрү суук, жамандык жасоочу троллдорго салыштырышып, термин ошондон чыккан дегендер да бар. Интернетте чырды жаратуучулар – троллдор XXI кылымда социалдык тармактарда өздөрүнүн уюмун түзүп, чыр-чатакты күчөтүү ыкмалары боюнча тажрыйба алмаша башташкан. Учурда кээ бир өлкөлөрдө троллинг менен шугулданган адамдар мыйзам тарабынан жазаланышат. Маалымат согушунда кеңири колдонулат.