Тропик циклону

Википедия дан

Тропик циклону - тропиктик кеңдиктеги өтө урган атмосфералык куюн. Диаметри анча чон эмес (300-400 миңден ашпайт).

Тропиктик циклондук куюндар деңиз үстүндө чоң толкунду пайда кылып, кургактыкта зор талкаланууларга алып келет. Тропик циклону жылына орто эсеп менен 70-80 (кээде 100) жолу болуп турат (көбүнчө Түндүк жарым шарда). Адегенде чыгыштан батышты карай согуп, бара-бара жогорку кеңдиктерге бурулат, ылдамдыгы саатына 10-20 кмди түзөт.

Тропик циклону Түндүк жана Түштүк Америкада ураган, Ыраакы Чыгышта тайфун деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4