Тузов Леонид Васильевич

Википедия дан

Тузов Леонид Васильевич (1925-ж. т., Россия, Пензан обл., Кузнецк району, Пенделка айылы) - физик, физика-математика илимдин доктору (1967), проф. (1968). КРдин илимге эмгеги сиңирген ишмер кызматкери (1995).

КМПИни (1948), анын аспирантурасын аяктаган (1951). КУУда улук окутуучу, додент, кафедра башчы, проректор болуп иштеген. 1997-жылдан КУУнун алдындагы Фундаменталдык илимдер институтунун директору. Катуу заттар физикасы боюнча адис. 150дөн ашык илимий эмгектин, алардын ичинен 2 окуу куралдын автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4