Тукум куугучтуктун хромосомалык теориясы

Википедия дан

Тукум куугучтуктун хромосомалык теориясы - клетканын хромосомаларында тукум куугуч шарттардын жайгашышы жөнүндөгү окуу. Бир катар муундарда организмдин касиеттеринин тукум куугучтугу, алардын хромосомаларынын тукум куугучтугу менен аныкталаарын ырастайт.

Т. Боверт жана У. Саттон.

Биринчи жолу Т. Боверт (1902-1907-жж.) жана У. Саттон (1902-1903-жж.) негиздешкен. 20-к. башталышында Т. Морган тарабынан толук иштелип чыккан жана муундарда жыныс хромосомаларынын бөлүштүрүлүшү негизин түзөөрү жаныбарлардын жынысын аныктоонун генетикалык механизмин изилдөөдө далилденген. Т. к. х. т. К. Бриджес тарабынан (1913-ж.) далилденген. Ал дрозофиланын ургаачысында мейоз процессинде хромосомалардын ажырабай калышы жыныс хромосомаларын бөлүштүрүүдөгү жана жыныс менен чиркелишкен белгилердин тукум кубалоосундагы өзгөрүүлөр менен коштолоорун ачкан. Бир хромосомада жайгашкан гендер бир чиркелишүү тобун түзөт жана муундарга бирге өтөт; чиркелишүү топторунун саны организмдердин ар бир түрү үчүн туруктуу, хромосомалардын гаплоиддик санына барабар; гендердин чиркелишинен көзкаранды белгилер да чогуу тукум кубалайт. Белгилердин чиркелишип тукум кубалашы, мейоз учурунда гомол. хромосомалардын ортосундагы генетикалык материалдын кайрадан бөлүштүрүлүшүнө алып келүүчү хромосомалардын айкалышынын (кроссинговердин) натыйжасында өзгөрүшү мүмкүн. Т. Морган дрозофилаларда толук изилдеген гендердин чиркелүүсү жана кроссинговер хромосомалардын генетикалык картасынын негизин түзөт. Андан кийин Т. к. х. теориясы гендин татаал түзүлүшүн жана тукум куугуч белгилердин берлишинде нуклеин к-таларынын ролун далилдөөдө өнүккөн. Гендин жайгашуу натыйжалуулугун ачуу (башкача атйканда гендин чыгышы анын хромосомада орун алышына көзкаранды) генетикалык материалдын үзгүлтүксүздүгүнүн жана үзгүлтүктүүлүгүнүн бирдейлиги жөнүндөгү генет-нын эң маанилүү принциптеринин биринин калыптанышына мүмкүндүк берди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]