Тулус

Википедия дан

Тулус "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Калмак баатыры. Акунбешимдин аталаш тууганы. Манастын Акунбешим менен болгон согушунда жекеге чыккан Т. балбанга каршы эч ким даап барбай, Манас өзү чыгып, аны жеңип атын олжолоп алат (Сагымбай Орозбаков, 2. 129, 137). Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Таластын аты ушул Т-тун атынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4