Тул калуу

Википедия дан

Тул калуу, кара кийгизүү - кыргыздарда эзелтеден келе жаткан аялдын өлгөн күйөөсүнө аза күтүү салты.

Жесир калган аял (өлгөн эркектин энеси, эже-карындаштары да) эри өлгөн күндөн сырга, билерик, шакектерин чыгарып, кара же көк көйнөк кийген. Жесирге караны төркүндөрү салган. Эгер караны аялдын кайындары салса, ал аталып салынган кара делип, жесирдин «башы байланганын» билдирет. Демек, күйөөсүнүн ашы берилген соң кайнагасына же кайнисине нике кыйылган. Бул салт байыркы экзогамиялык никени чагылдырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.