Туматтар

Википедия дан

Туматтар - 12-13-кк. Энесай кыргыздарынын теги байыркы бир уруусу.

Тарыхый булактарда эскерилген Баргужин-Токум тарыхый аймагында жашашкан согушчул уруу (уруулук бирикме) болгон. 13-к. баш чендеринде башка кыргыз урууларындай эле Чыңгыз-ханга формалдуу көз каранды болуп калышкан. Рашид ад-Дин (14-к.) туматтар кыргыздар өлкөсүнүн аймагында жашайт деп жазат. Бул аймак жазма булактарда Баргужин-Токум деп аталат.

Туматтар 1218-ж. монголдорго каршы көтөрүлүш чыгарганда, аларды калган кыргыз уруулары колдоп чыгышкан. Чыңгызхандын уулу Жучу Селенгадан өтүп, Энесай дарыясынын өрөөнүнө жеткен. Казвини Селенга чөлкөмүндө да кыргыздардын турарын эскергени ырас.Монголдордо кыргыз жоокерлеринин аскердик күчүн пайдалануунун зарылдыгы 13-к.. 20-ж. келип чыкты.

1217-ж. «кыргыздардын чегине жакын жашаган согушчал жана тынчы жок» туматтар көтөрүлүш чыгарышкан. Чыңгыз-хан «баарин уруусунан чыккан Ная нойонго (ошол жакка) аттанууга буйрук берди. (Анын) ооруп жаткандыгын билдиришти. Ошондо (ал) Барагул-нойонду жөнөткөн эле». Монголдор «чоң согуш ачышып туматтарды баш ийдиришти». Бирок бул согушта Барагул-нойон курман болот. Туматтар өтө кекчил, тынчы жок эл (уруу) болгондуктан, монголдор алардын көпчүлүгүн кырып салышты. Кийинки, 1218-ж. «...барс жылында Баргужин-Токум менен Байлуктагы туматтардын бир уруусу көтөрүлүш чыгарганда, алар (монголдор) көтөрүлүштү басуу үчүн туматтарга жакын жашаган кыргыздардан аскер (черик) сурашты; кыргыздар буга каршы көтөрүлүш чыгарышты».

Болжолу, туматтардын козголоңу кыргыздарды да шыктандырган болуу керек. «Чынгыз-хан аларга Жочи башында турган аскерлерин жөнөттү. Алардын (кыргыздардын) жетекчиси Курулун эле; Жучинин алдыңкы аскерлери аттанды; ал кыргыздарды чегинүүгө мажбур кылып, сегизинчи дарыядан (Сегиз-Мурэн) кайтып келди.» Курулун башында турган кыргыздар монголдордун Саян-Алтайдагы үстөмдүгү үчүн эң чоң коркунучтуу күч эле. Ошондуктан кыргыздарга каршы монголдордун башкы күчтөрү жөнөтүлгөн болучу. «Жочи (Жучу-хан) жакындап келгенде Кэм-Кэмжуттун музу тоңуп калган экен. Ал муз болуп тоңгон дарыядан өтүп, кыргыздарды баш ийдирип кайтып келди.»

Кыргыздар жашаган түндүк аймактарынын чектеринде, Чулум дарыясынын бассейнинде кыргыз көрүстөндөрүнүн арбын кездешиши көчмөн кыргыздардын түндүктөн токойлуу түздүктөрдү өздөштүрө башташын аныктайт. Кыргыздар монгол жеңип алууларынын доорунда зор жоготууларга учурагандыгына карабастан, өздөрүнүн негизги жашаган аймактарында кала беришкен.

Тумахакас тилинде «темир устанын колдоочусу, сактоочусу», кет тилинде «кара» (улуу, чоң) маанисин туюнтат. Байыркы түрк каганы бир эле учурда башкы темир устанын функциясын да аткарган. Көчмөн элдерде темир уста шамандардын коомдогу ээлеген орду зор болгон.

Шамандардын жана темир усталардын генетикалык-ритуалдык байланышың байыркы кыргыздардын (түрктөрдүн) турмушундагы, чарбасындагы темир устанын ээлеген орду тастыктайт. От менен байланышкан темир усталардын коомдогу кесиби ыйык эсептелип, замандардын түпкүрүнөн адамдардын эс-акылында жашап келе жаткан от кудайын чагылдырат. Кыргыздардын курамындагы (13-к.) тума (-т монгол тилинде көптүк маанини туюнтат) уруунун аталышы шамандар жана темир усталар чыккан өзгөчө урууга байланыштуу келип чыгуусу толук мүмкун.

Мындай мисалдардан бир нечелерин келтирүүгө болот. Мис., шамандар чыккан манги(т) уруусу ж.б. Себеби, кыргыздар жасаган курал-жарактар, зергер ж.б. буюмдар өзүнүн жогорку сапаты, бекемдиги менен айырмаланган. Кытай ж.б, өлкөлөр кыргыздардан металлдан жасалган буюмдарды дайыма алып турушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.