Тунгус метеорити
Тунгус метеорити - зор массадагы метеориттин Жерге түшүшүн элестеткен табиятта өтө сейрек болуучу кубулуштун аты.
Ал кубулуш 1908-ж. 30-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 7де Подкаменная Тунгуска дарыясынын алабында (азыркы Краснояр крайындагы Эвенк автономия округу) байкалган. Кубулуш учурунда асманда бир нече секундага чейин өтө жаркырак болид (из) көрунгөн. Жарык көрүнгөндөн кийин 1000 к.чден ашык аралыкта жарылуу добушу угулган; жер кыртышы жер титирөө учурундагыдай термелип, терезе айнектери сынып, текчеден бугомдар кулап, адамдар, айбанаттар жыгылган.
Сейсм толкундары Иркутскиде, жарылуунун аба толкуну Петербург. Улуу Британиядагы метеостанцияларда катталган. Эпицентрден 20-30 км аралыкта токой текши кыйраган. Тунгус метеорити менен көптөгөн илимий экследициялар, ал эми эпицентрин биринчи жолу 1927-ж. Л. А. Кулик изилдеген. Тунгустагы кубулушту түшүндүрүүдө комета гипотезасы мерчемдуү орунду ээлейт. Бул гипотеза боюнча Тунгус метеорити жер атмосферасына космос ылдамдыгы менен келип урунган чакан (диаметри 600 м) комета деп болжолдонот. 1975-ж. акад. Г. И. Петров Тунгус метеоритинин заты өтө борпоң жана тыгызд. жер бетиндеги абанын тыгыздыгынан 10 эсе көп экендигин аныктады. Жер бетинен 10 км бийикке жакын бардык тело газга айланып, жарык жана согуу толкуну пайда болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.