Туран

Википедия дан
Иран жана Туран (1850).

Туран – байыртадан айтылып келген уламыштар боюнча Ирандын түндүгүндө жайгашкан өлкө. Уламыштарда Туран жашоочулары ирандыктар менен жоолашып келишкен. Түрк башкаруучуларынын ак сарайында кызмат кылган тарыхчылар Туранды байыркы түрктөргө таандык кылышкан. Туран деп Караханийлерге баш ийген аймакты (Ж. Карши, Ж. Баласагунинин эмгектеринде) да түшүнүшкөн. Махмуд ибн Валинин эмгектеринде азыркы Теңир-Тоо аймагы Туран деп аталат. Мусулман авторлорунун айтуусу боюнча бул жерди түрктөр жердеген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]