Турмалин

Википедия дан
Турмалин.

Турмалин (сингал тилинде «тормалли» - акак таш) - шакектүү бор-силикаттар классына кирүүчү минерал[1].

Жалпы хим. формуласы: (Na, Са) (Mg,Fe, Li)3 Al6 (Si6 018) (В03)3 (ОН)4. Тригон системасында кристаллданат. Түрлөрү: шерл - кара, темирлүү Турмалин; дравит - күрөң, магнезийлүү; рубелит - кызгылт, марганецтүү; индиголит - көк, полигромдуу Турмалин Катуулугу 7-7,5. С. салм. 3,0-3,2. Узун, тик кристаллдар, чачыранды тегерек агрегаттар (күн турмалин) түрүндө болот. Пневматолит жана гидротерм жолу менен пайда болот. Пироэлектрик катары пайдаланылат. Тунук кристаллы - кымбат баалуу асыл таш; ошондой эле синтез жолу менен алса болот. Турмалин 2-даражадагы асыл жана кооз таш катары пайдаланылат. Турмалиндин ири кендери Россияда (Уралда), АКШда (Калифорния, Мэн, Колорадо), Италияда (Эльба а.) ж. б. жерлерде бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  1. Турмалин таш-касиеттери, ылайыктуу кени. Текшерилген күнү 27 -ноябрь (жетинин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 27 -ноябрь (жетинин айы) 2021.