Турмуштук көндүмдөр

Википедия дан

Турмуштук көндүмдөрадамдын коомдо толук кандуу мүчө катары жашап кетүүсү үчүн зарыл болгон бардык көндүмдөр жыйындысы. Алардын ичинен айрыкча «Гигиенанын жана сергек жашоонун көндүмдөрү», «Тиричилик көндүмдөрүн жана айлана – чөйрө менен өз-ара аракеттенишүүсү», «Социалдык көндүмдөрдү» бөлүп көрсөтүүгө болот. Алсак, сергек жашоо мүнөзү өздүк гигиенадан башталат. Өздүк гигиена баарыдан мурда өзүнүн денеси жана чачтары үчүн камкордук көрүү, кийим-кечесине көз салуу эрежелеринен түзүлөт. Ар бир адам өздүк гигиенанын төмөнкү нормаларын билүүгө тийиш: жуунуу, тишти тазалоо, чачты тароо, кийимдин тазалыгы, күндүк режимди сактоо, эртең мененки гимнастика жана башка Сергек жашоо мүнөзү тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, токсикомания, наркомания сыяктуу зыяндуу адаттарды четке кагат. Өздүк гигиенанын эрежелерин сактоо инфекциялык ооруларды жуктуруп алууну алдын-алат.

Туура тамактануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиричилик көндүмдөрүнө биринчи иретте туура тамактана билүү кирет. Рационалдуу жана толук кандуу тамактануу адамдын ден соолугуна, кара күч жана акыл эмгегине карата жөндөмдүүлүгүнө, жашоосунун узактыгына олуттуу таасирин тийгизээрин окуучулардын, студенттердин билүүсү керек. Тиричилик көндүмдөрүнө сууну туура пайдалануу да кирет. Сууларды атмосфералык (жамгыр, кар) арыктардагы жана жер астындагы (грунттук жана катмарлар аралык же артезиандык) суулар деп бөлүшөт. Тазалабай туруп эле ичүүгө катмарлар аралык (артезиандык) суулар гана жарактуу. Ал эми грунттук сууларды хлордоштуруу, озондоштуруу, ультрафиалетивдик нурлар менен нурландыруу, жумшартуу жана башка жолдор – тазартып, ичүүгө жарактуу кылышат.
Ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарда (суу ташкыны, өрт, кар көчкүсү, жер көчкүсү жана башка) өзүн жоготпой, ыңгайга жараша аракеттенүү да маанилүү турмуштук көндүмдөр катары каралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.