Турсунаалы Сулайманов

Википедия дан

Сулайманов Турсунаалы (1897, азыркы Кара-Суу району, Нариман кыштагында төрөлгөн - 1971, ошол эле жерде) колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. 1938-жылдан КПСС мүчөсү. 1930-ж. мүчө болуп өтүп, 1932-ж. Н. Нариманов атындагы колхоздун председатели болуп шайланган. Көп тармактуу чарбаны башкарып, алдыңкы чарбалардын катарына кошкон. 1956-ж. 810 га пахта аянтынын ар гектарынан 32 цден тушум жыйнап алган. 1946-50-жылдары СССР Жогорку Советинин[2], 1951-54 жана 1955-56-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, 3 Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 11 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
  2. Список депутатов Верховного Совета СССР II созыва