Турсунбек Абдыгулов

Википедия дан
Турсунбек Абдыгулов

Турсунбек Абдыгулов Фрунзе шаарында 1944-жылы 12-мартта туулган. Акын, драматург жана котормочу. Фрунзедеги №13 мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.

1969-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Панфилов дивизиясында лейтенант наамында мотоаткычтар взводунда командир болгон. 1972-жылы армиядан кайтып келгенден кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы, 1978-жылдан «Советская Киргизия» гезитинде кабарчы, 1979-жылдан “КирТАГ” маалымат агенттигинин редактору, 1980-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин редакциялык-репертуардык коллегиясынын редактору, 1986-жылдан ошол коллегиянын башкы редактору, 2000-жылдан Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын музейинин директору болуп иштеген.

Адабий чыгармачылыгы 1963-жылы алгачкы ыры университеттин көп нускалуу гезитине басылып чыккандан башталып, кийин чыгармалары «Литературный Киргизстан» журналына «Комсомолец Киргизии», «Советская Киргизия», «Вечерний Фрунзе» гезиттерине жарыяланган. Ал балеттик либреттолорду, бир актылуу жана көп актылуу пьесаларды жазган. Ал кыргыз драматургдары: Т.Абдумомуновдун, Ж.Садыковдун, М.Гапаровдун, Б.Калчабаеванын, А.Дыйканбаевдин, М.Тойбаевдин, Ш.Бейшеналиевдин, Э.Турсуновдун, С.Раевдин, К.Ажымудиновдун ж.б. 30га жакын пьесаларын орус тилине которгон.

Ал 1-республикалык жаш акындар фестивалынын лауреаты. Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган. 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Драмалык Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балеттик либреттолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белый пароход – музыкасы Э.Жумабаевдики, 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында коюлган.

Полет журавлей – музыкасы С.Бактыгуловдуку, 1982 ж.

Айгүл – музыкасы М.Осмоновдуку, 1984 ж.

Бир актылуу пьесалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлнара – Ф.: «Сенин репертуарың» жыйнагы, 1982. – Кыргыз мамлекеттик университетинин элдик театры, 1980-ж.

Прощай, мама! – Ош шаардык маданият үйү, 1990-ж.

Жолборс – мультфильмдин сценарийи.

Көп актылуу пьесалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дружные ребята –Токмок шаардык маданият үйүнүн куурчак театры, 1985-ж.

Таалай үчүн күрөш – Ноокат райондук театры, 1987-ж.

Сын генерала – «Заре навстречу» драмалык чыгармалар жыйнагына басылган, Кара-Балта шаардык маданият үйүндө элдик театрында коюлган.

Парад ротозеев – 1998-ж.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.