Турсунов Аскар

Википедия дан

Турсунов Аскар (10.1.1928-ж. т., азыркы Чүй обл., Чүй району, Кегети айылы) - тилчи, филология илимдин доктору (1992), КРдин илимине эмгеги сиңирген ишмер ишмер (1998).

КР УИАнын корр. мүчөсү (1998), Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн (1947). ОМПИде окутуучу, улук окутуучу, кафедра башчысы, деканы (1947-51), Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер (1957-62), директору (1962-77), Кыргыз ССРинин Жогорку жана атайын орто билим берүү министри (1977-86), Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты (1980-87), КР УИАнын Тил институтунда илимий улук, жетектөөчү илимий кызматкер (1986-99), бөлүм башчы (2000жылдан). 100дөн ашык илимий эмгектин (алардын ичинен 9 монография, орто мектептен 9-10-класстары үчүн окуу китеби) автору. Эмгектери кыргыз тилинин морфол. жана синтаксистик түзүлүшүнүн актуалдуу маселелерине арналат. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4