Турусбеков Жусуп

Википедия дан

Турусбеков Жусуп (24-декабрь 1910-жылы, Жетисуу облусу, Күн-Батыш айылы — 1944 жылы, Калинин фронту) — кыргыз советтик поэти, драма жазуучусу. Совет жазуучуларынын биринчи жыйынына катышкан.

Турусбеков Жусуп
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

поэт, драматург

Туулган датасы:

24 декабрь 1910

Туулган жери:

Күн Батыш айылы, Жетисуу облусу, Орусия империясы

Жарандыгы:

Орусия Орусия империясы

Букаралык:

Орусия Орусия империясы
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы Кыргыз ССР

Өлгөн датасы:

1944 жыл(1944)

Өлгөн жери:

Калинин фронту, Тверь облусу, Орусия

Жубайы:

Кулсун

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акын жана драматург Жусуп Турусбеков Ысык-Көл облусунда Тоң районунда Куч-Батыш айылында 1910-жылы туулган.1916-жылы Үркүндө ата-энеси менен кошо Үч-Турпанга чейин барып кайткан Жусуптун балалыгы алгач жокчулукта,кийинчирээк ага кошул-ташыл жетимчиликте отуп,ар кайсы туугандарынын колунда чонойгон.

1922-жылы Ж.Турусбеков Түп районундагы айыл чарба техникумуна алынып, окуй баштайт. Казак, татар, орус адабияттары менен таанышып, 1929-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында корректор болуп иштейт. 1929–1930-жж Тверь шаарындагы советтик-партиялык мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин бөлүм башчысы, кыргыз театрынын директору, «Ленинчил жаш» гезитинин редактору, Кыргызмамбастын редактору, Жазуучулар союзунун консультанты болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Жусуп өз ыктыяры менен согушка кетип, 1944-жылы Калинин облусундагы фронтто курман болгон.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ж.Турусбековдун чыгармачылык иши «Кызыл Кыргызстан» гезитинде иштеп жүргөндө башталган. 1928-жылы анын калемине таандык ырлар гезит бетине айрым чыга баштайт. 1932-жылы «Жусуптун ырлары» деген биринчи ырлар жыйнагы басылып чыгат. Драматург катары тааныткан «Ажал ордуна»драмасы, «Айчүрөк» операсынын либреттолору 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасында көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татый алган.

Котормочулук өнөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А.С.Пушкиндин «Каменный гость», Г.Гейненин А.Безыменскийдин ж.б. ырларын кыргыз тилине которгон. 1934-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Ардак белгиси» орденинин ээси. Ж.Турусбековдун ысмы республикабыздагы шаарлардын, айылдардын библиотекаларына, мектептерине, көчөлөрүнө коюлган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жусуптун ырлары: 1-жыйнак. – Ф.: Кыргызмамбас, 1932. – 88 б.

Шайыр жаштар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1933. – 60 б.

Ажал ордунда: 8 сүрөттүү драма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 64 б.

Тандалмалуу ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 108 б.

Беш-Мойноктогу окуя: Үч сүрөттүү драма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 16 б.

Ажал ордуна:Поэма. (Эр жигит эл четинде, жоо бетинде). – Ф.: Кыргыз-мамбас, 1938. – 56 б.

Мекен: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 140 б.

Айчүрөк. 6 сүрөттүү операнын либреттосу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 51 б.

Ленин жолу: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 105 б.

Тандалган чыгармалар: Ырлар, поэмалар жана котормолор. – Кыргыз-мамбас, 1953. – 220 б.

Чыгармаларынын жыйнагы: Ырлар, либретто, пьеса, котормолор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957.– 102 б.

Тандалган чыгармалар: Ырлар, поэмалар жана котормолору. – Ф.: Кыр-гызмамбас, 1957. – 303 б.

Чыгармалар. Бир томдук. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 301 б.

Ленин жолу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 13 б.

Ленин жолу: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1967. – 100 б.

Чыгармалар бир томдук. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 327 б.

Ук, жер жүзү: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 59 б.

Мекен: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 28 б.

Тандалмалар: Ырлар жана драма. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 300 б.

Ленин жолу: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 92 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленинский путь: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 81 б.

Пуля и песня. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 88 б.

Ленинский путь. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 13 б.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пушкин А.С. Таш конок. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 48 б.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]