Туткун (тасма)

Википедия дан

"Туткун" (англ. Taken, орус. Заложница) — 2008-жылы жарык көргөн Франциянын англис тилиндеги экшн триллер тасмасы. Режиссеру Пиер Морел, сценарийин Лук Бессон менен Роберт Марк Камен жазышкан. Тасмага тартылгандар Лиам Нисон, Мэгги Грэйс, Лиленд Орсер, Жон Гриз, Дэвид Варшовский, Холли Валланс, Кэти Кэссиди, Ксандер Беркли, Оливер Рабурден, Жерар Уоткинс жана Фамке Янссен.

Нисон БЧБнын Брайан Миллс аттуу мурдагы кызматкеринин образын жаратат. Анын өспүрүм кызы Ким менен кызынын курбусу Аманданы албаниялык адамдар сексуалдык кулчулукка сатуу үчүн уурдап кетишкен болот. Ал адам саткандардын артынан түшүп кыздарды издегени тууралуу баяндалат. Тасма 226 млн доллардан ашык каражат топтогон. Өзүн экшн тасмасына арнап, ошол багытка өтүп кеткен Нисондун бул фильмин бир нече басылмалар анын карьерасындагы бурулуш чекит катары баалашкан. Тасманын уландысы болгон "Туткун 2" 2012-жылдын 5-октябрында көрүүчүлөргө сунушталган, ал эми акыркы 3-бөлүмү "Туткун 3" 2015-жылдын 9-январында кинотеатрларга көрсөтүлө баштаган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]