Туура эмес өскөн тырмак

Википедия дан
Буттун бармак тырмагынын туура эмес өсүшү. Жогорку сол жакта — тырмактын териге кирип өсүшү схема түрүндө көрсөтүлгөн (тырмактын тырмак бейбелчеги менен кошо туурасынан кесилиши); 1— тырмак; 2— тырмактуу бейбелчек сөөгү; 3— тырмактын териге кирип өскөн чети; 4— тырмактын туура өскөн чети.

Туура эмес өскөн тырмак — тырмактын бир же эки жак кырынын капталын карай өсүшү.
Бул оору көбүнчө буттун баш бармагында кездешет. Тырмакты туура эмес алганда же тар бут кийим кийгенде буттун манжалары кысылып, тырмак этти карай өсүп отуруп, терини тешип, бармактын этине кирип, аны жабыркатат. Тырмак этке батып өсө баштаганда бармак шишип, ооруйт. Айрыкча бут кийим кийип басканда оору күчөп, аксатат. Жарааттын айланасы кызарып, шиший баштайт. Ал эми инфекция киргенде ириңдеп, жарааттан ириң агат. Мындай учурда бармак бүтүндөй шишип кетет.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кээ бир оорулардын (кант оорусу же буттун кан тамырларынын оорусу) кабылдоосунан бармак карарып, чирип кетиши мүмкүн. Оору жаңыдан башталган мезгилде жылуу ванна, ар түрдүү дарыларды коюп таңуу жана башкалар дарылоо талап кылынат. Кең бут кийим кийүү зарыл. Ал эми тырмак терең кирип жара болгон кезде хирургиялык жол менен ал тырмакты өзөгү менен кошо алып таштоого туура келет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8